Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө “Манас” эпосунун күнү белгиленүүдө

Билим-маданият | 4 Дек 2019 | 1299 | 1

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

“Манас эпосу күнүн утурлап, 2-декабрда Манас академиясында “Манас” эпосун айтуу боюнча 54 манасчы катышкан конкурс болуп өткөн.

10 жашка чейинки бала манасчылардын арасында:

1-орунга Нурбекова Диана;

2-орунга Ашырбеков Эрлан;

3-орунга Жолочиев Саид татыктуу болду.

Ал эми 10 жаштан 20 жаш куракка чейинки катышуучулардын арасында баш байгени Бектемиров Ажыбек жана Бактыбеков Белек алса, 20-30 жаш курактагы манасчылардын арасында:

1-орунга Талантбеков Нурбек;

2-орунга Имашов Кубанычбек;

3-орунга Макулбеков Бактиярлар ээ болушту.

Белгилүү кытайлык манасчы Асанаалы Калил уулу “Манас күнүн” 2015-жылдын 4-декабрынан бери манасчылар, “Манас” эпосуна күйгөндөр, манас таануучулар, деги эле манаскөйлөр, ошондой эле жалпы элибиздин майрамдап келе жатканы тууралуу “Маралга”төмөнкүлөрдү билдирди:

-Конкурсту өткөрүү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги Президентке караштуу Улуттук тил комиссиясы жана Манас академиясы, ошондой эле Чынгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту тарабынан демилгеленип, колдоого алынып, манасчыларды шыктандыруу үчүн баалуу белектерин, акчалай сыйлыктарын даярдашкан экен. “Манасчылардын конкурсу эки чоң багытта, эң мыкты деңгээлде өттү. Бала манасчылардын жана 20 жаштан 30 жашка чейинки манасчылардын ортосунда абдан кызыктуу, курч таймаш болуп өттү. Мен да ушул калыстар курамынын мүчөсү болдум. Конкурска жалпысынан 54 манасчы катышты. Өзгөчө, эң мыкты, биздин артыбыздан келе жаткан манасчыларга алдыңкы орундарды ыйгардык. Кароо-сынакка катышкан талапкерлерге адилеттүү, калыс баабызды бердик десем жаңылышпайм. Бүгүн, 4-декабрда, саат 14-00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда чогулган улут каймактарынын алдында чоң сүр, дем менен жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи болот.

Билгенге бул майрамдын чоң мааниси бар. Себеби, “Манасыбыз” өлүк абалда эмес, тирүү абалда экенин түшүндүрүү керек. Ушундан улам, “Манасты” улантып айтуучулар бар экен деген түшүнүк карапайым элде пайда болот. Бүгүн “Манас” эпосун, манасчыларды сыйлай турган, барктай турган күн деп айтсам болот. Бул күндү Манастын жөн гана мифтик каарман эмес, анын чын эле тарыхта жашап өткөн каарман экендигин даңазалап, кыргыз элин ынтымакка, биримдикке, өнүгүүгө чакыра турган улуу күн деп айтсак жаңылышпаган болот элек.

Ал эми жаш бала манасчылардын арасында баш байгени алган Ажыбек Бектемиров ийгилиги тууралуу төмөнкүдөй ой-пикири менен бөлүштү:

-Менин аты-жөнүм – Ажыбек Бектемиров. Жашым он бирде. Мен №5 Улуттук гимназия мектебинде окуйм. Улуттук мектепте окугандан кийин элибиздин улуттук баалуулуктарын өзүмдө алып жүрүүнү максат кылгам. Үй-бүлөм, бир туугандарым менен “Манасты” айтууга кичинекей кезибизден эле кызыгабыз. “Манас” айтуума көптөгөн адамдар себепчи болду десем болот. Өзгөчө мени ушул жолдо максатымды бекемдеген агайларыма ыраазычылык билдирем. Мен үчүн “Манас” айтуу — чоң сыймык. Кыргыз болуп туулгандыгыма кубанам. Бардыгыңыздарды “Манас күнү” менен куттуктайм. Ушул жеңишимди ата-энеме арнайм, — деп кубанычын жашыра албады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM