Дүйнө жүзүндөгү аты чыккан компанияларда кадырлуу кесиптерди аркалаган мекендештер арбын. Алардын арасында мамлекет башчылардын учагын башкарган учкуч Нурбек Абдыкадыров да бар.
Окуучулук кезинде учкуч болууну самаган Нурбек Абдыкадыров менен “Биздин замандаш” рубрикабызда маек курдук. Ата-энеси дарыгер болуусун каалаган каарманыбыз, кантип өз максатына жеткени жана ийгиликтери менен ой бөлүштү. Ал учкуч кесибинин арты менен дүйнөнүн 20га жакын мамлекеттерин кыдырган.
Мен Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында төрөлүп, чоңойдум. Жаш кезимден эле учкуч болууну кыялданчумун. Апам дарыгер болосуң дегендиктен, өзүмдүн кыялымды эч кимге айтчу эмесмин. Мектепти аяктаганча учкуч болом деп жакшы окуганга аракет жасадым. Ошол эле учурда мектепте апам мугалим болгондуктан, жакшы окуганга менде жоопкерчилик чоң болду.
Андан соң, 2009-жылы Бишкекте Авиациялык коллежди кызыл диплом менен аяктагам. Мектепте окуганда мен өзүмдү жакшы окуймун деп ойлочумун. Авиациялык тармак мен ойлогондон да татаал экен, самолетту жана анын кыймылдаткычтарын окута башташат. Бул темаларды сен мурун көрбөгөндүктөн түшүнүксүз болот. Беш деген баага окуп келген мектептеги бала, коллежге жаңы келгенде үчкө түшүп калды. Мен ага карабастан жакшы окуганга далбастап, баарын үйрөнүп алдыңкы студент болуп бүттүм.
Коллежди бүткөн соң, Литва мамлекетинде окуумду уланттым. Ал жака барып, практика жүзүндө сабак өттүк. Литвада окуу системасы такыр башкача экен. Дүйнөнүн учкучтары келип, өз билимдерин тереңдетип кетишет. Ошон үчүн шарттары да мыкты деңгээлде түзүлгөн. Билим берүүсүнүн айырмачылыгы окууңду тааныш же акча менен эч качан бүтүрө албайсың. Эгерде окуй албасаң, кайсы кадамга келгениңе карабастан окуудан четтетишет.
Бир мамлекетке кайра-кайра барган күндөр…
Быйыл учкуч болуп иштеп жатканыма 7 жыл болду. Алгач 2010-жылы AN-24 учагында Кыргызстандын аймагында учуп баштадым. Азыр Боинг-737 учагы менен чет өлкөлөргө элди ташыйбыз. Акыркы 6 айдын ичинде эле 10го жакын мамлекеттерди кыдырып келдим. Алар: Араб Эмираттары, Катар, Сейшель аралы, Украина, Казахстан, Россия, Пакистан, Ооганстан, Иран, Оман, Иордания, Чад, Конго. Бирок кээде бир барган мамлекеттерге кайра-кайра учкан күндөр көп болот. Кээ бир өлкөлөргө 2-3 күнгө барсак, айрымдарына 1 жумага чейин жүрөбүз. Кичинемден Меккеге барсам деп кыялданчумун. Бул кыялым да орундалып, көрүп келдим.
Жумушумдун арты менен Африкадагы жашоонун кыйынчылыгын көрдүм. Бизде аба-ырайы +37 градус болсо, ал жакта +42-47ге чейин чыгат. Ошондой ысык күндөрдө элдер кадимкидей эле дыйканчылык, курулуш иштери менен алектенип жүрүшөт. Демек, бизде деле иштесе болот экен деген тыянакка келгем.
Жоопкерчилик…
Жумушта жоопкерчилик чоң. Анткени бир эле самолетто 150-160 жүргүнчүгө чейин болот. Алардын коопсуздугу сенин мойнуңда. Учакта жүрүп көнүп калгандыктан, ал мен үчүн унаа кызматтарына караганда коопсуз сезилет. Мисалы, Ошко чейин самолет менен баргандан кийин, айылга такси менен барганда коркот элем. Азыр андай кооптонуу жок.
Мен келгенде авиацияда жалаң чет мамлекеттерден келгендер иштейт эле. Салыштырмалуу азыр көпчүлүк кызматкерлер биздин авиациялык колледжди бүткөндөр иштеп калды. Алдыңкылары президенттерди ташып иштешет. Бул тармакта окугандардын дээрлик баары авиация тармагында өз ордун табышкан десем болот. Жалпы эле учакты тейлегендер ар дайым окуп туруу керек. Учуу техникасын ар алты ай сайын учуп жаңылап турабыз. Ал жерден учактын учуу теориясын 3 жыл сайын окуп турасың.
Дүйнөгө жол ачкан 3 тил…
Жумушта жалаң англисче сүйлөйбүз. Орус тилинде жазылган тексттер жок. Англис тилин сөзсүз билиш керек. Африканын көпчүлүк жеринде француз тилинде сүйлөшүшөт экен. Араб өлкөлөрүндө болсо араб тилинде. Ошондон бери француз жана араб тилдерине кызыгуум артып, азыр үйрөнөйүн деп турам. Эгерде сен ушул 3 тилди билсең дүйнөнү кеңири кыдыра аласың.
Мектепти айылдан бүткөндүктөн орус тилди билбейт элем. Шаарга келгенде бул жактагы балдарга жетишим керек деп, жеткем. Тилди өздөштүргөн соң авиациялык колледжге тапшырам деп ага да өттүм. Ал кезде мага авиация кол жетпей тургандай сезилчү. Ошентип, максаттарымдан биринин артынан бирин коюп, аракеттенип келем. Авиациядагы кыялым: жөнөкөй жүргүнчүлөрдөн баштап, өлкө башчыларын ташуу болду.
Ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрү бар
Кытайлыктар абдан аракетчил эл. Мисалы, Кытайга бир барганыңда курулуш же жолдорду куруу иштери жүрүп жаткан болсо, экинчи барганыңда ал сөзсүз бүткөн болот. Сен барганда жок имараттар 1 жылдан кийин кайра барсаң курулуп калат.
Мен, бир өлкөгө барардан мурун ошол өлкө тууралуу орустардын “Орел и решка” деген программасын көрүп чыгамын . Анан ошого жараша жакшы жактарын кыдырганга аракет кылам. Бир жолу алар акча бекиткен жерине да барып көргөм. Бирок аны мага чейин эле бирөө алып кетип калыптыр (күлүп).
Пландарым алдына ала айтылбайт
Алдыга койгон пландарды айтканды жакшы көрбөйм. Ишке ашкандан кийин гана жыйынтык менен көрсөткөндү туура деп ойлоймун. Эгерде бирөөгө кандайдыр бир планымды айтсам, ага жетмейинче артка чегинбейм. Ага жете албай калам деген коркунуч болсо, анда аны айтпай турам. Анткени кээ бир адамдардын 2-3 жылдык максаттарын айтышып, бирок ал куру сөз бойдон калган учурларды көргөм. Ошондуктан алдын ала айтуудан качамын. Он же он беш жылдан кийин “мындай иштерди жасайм деген элең го. Кана ошол сөздөрүң?” деген сыяктуу сөздөрдү уккандан уялам.
Мамлекет башчылардын учагын башкардым
Азыркы учурга чейин канча президентти ташыганымды үйдөгүлөр да билишпейт. Экс-президент Роза Отунбаева, Ооганстандын президентин, Африкада жүргөндө Чаддын, Араб Эмираттарда иштегенде ханзаадаларды, шейхтерди ташыганбыз.
Келечекте Кыргызстанда эле иштеп калсам экен дейм. Анткени канча мамлекетке барбагын, өз өлкөңө жетпейт. Ал жакта 5-6 жумадан кийин эле өлкөңдү сагына баштайсың. Чет жерлерде мага тамактан кыйынчылык болот. Себеби бизде баары жеткиликтүү. Өлкөбүздүн тамагынан сырткары жыл мезгилдери да жагат. Анткени, Африка жана Араб өлкөлөрүндө кыш болбойт. Бизде кышында лыжа тээп, тоого чыксаң, ал жакта андай мүмкүнчүлүктөр жок.