Марал Радиосу

Ошто жер титиреди, кыйроолор болгон эмес

Кечээ саат 16:03тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бул тууралуу өлкөнүн Сейсмология институту кабарлады. Маалыматка ылайык, жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.