Марал Радиосу

Токаевдин уулу фамилиясын өзгөрткөндүгү тууралуу айтылды

Казак президентинин уулу, ишкер Тимур Токаев аты-жөнүн Тимур Кемел деп өзгөрткөн. Бул тууралуу CA-NEWS порталы билдирди.

Казакстандык саясатчы жана Мангыстау облусунун акиминин штаттан тышкаркы кеңешчиси Ербол Едилов өлкө башчысынын уулу кандай фамилияда жүрөрүн Telegram-каналына жазган.

Тимур 2009-жылы «Казакстан Республикасынын Батышка карата стратегиясы» темасындагы диссертациясын жактап, саясат илимдердин кандидаты болгон.

1984-жылы туулган Тимур Кемел өлкөдө бизнес менен алектенет.