Марал Радиосу

Ош: Күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 3-декабрда саат 16:03тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.