Марал Радиосу

Ош шаарынын мэри көзү азиздер жана дүлөйлөр иштеген ишканага 350 миң сом колдоо көрсөттү

Бүгүн, 3-декабрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «Көзү азиздер жана дүлөйлөр» коомунун Ош облустук башкармалыгынан кабар алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Шаар башчысы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жергиликтүү бийлик ар тараптан колдоп келе тургандыгын белгилеп, 350 миң сом тапшырды.

Аталган жайдагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер ар кандай эмеректерди жасап, сапаттуу төшөк, жаздык, жана кызматтык кийимдерди тигишет. Ишчилер мамлекеттик ишканалардан буюртманы көбөйтүүгө көмөк сурады.

Шаардагы жалпы социалдык колдоого муктаж жарандардын тизмеси материалдык-моралдык колдоо көрсөтүү үчүн мекеме-ишканаларга бөлүштүрүлүп берилди. 1,2,3-топтогу ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана пенсионерлерге акысыз тиш протезин жасатуу, дарыгердин рецептинин негизинде дары-дармек алууга ушул жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 758 миң сом бөлүнүп берилип, кошумча социалдык кызматтар көрсөтүлүүдө”,- деди Т.Сарыбашов.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында 2905, шаардык Социалдык фонд башкармалыгында 4217 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам катталып социалдык жөлөкпул алышат. Алардын ичинен 18 жашка чейинки балдардын саны – 934.