Марал Радиосу

Лейлек: Мыйзамсыз алынып келе жаткан 3 тонна курма менен жүзүм кармалды

Лейлек районунда Тажикстандан мыйзамсыз алынып келе жаткан 3 тоннадан ашык курма менен жүзүм кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тажикстандан мыйзамсыз алынып келе жаткан жүк 2-декабрда Лейлек чек ара бөлүмүнүн чек арачылары тарабынан кармалган.

Кыргызстандын жарандары тарабынан «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү 3 унаа менен алынып келе жаткан жарандардын жалпы салмагы 3 тоннадан ашык жүзүм менен курмага тиешелүү документтери болгон эмес.

Алдын ала эсеп боюнча ал жүктүн наркы 35 миң сомдон ашат.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.