Марал Радиосу

Конго: Эбола вирусунан каза болгондор 2 миңден ашты

Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусунан жабыркагандар күн санап көбөйүп барат. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, бир жылдын ичинде эле бул дарттан 2204 адам каза болгон.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын жай айынан бери ооруканаларда эбола оорусу менен катталгандардын саны 3313кө жетти. Алардын 2204ү каза болгон.

Эбола эпидемиясы Батыш Африкада 2015-жылы чыккан. Анда аталган оорунун вирусу Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерияны каптаган.

Жугуштуу оору Конго өлкөсүндө 2018-жылдын июнь айында жайыла башталган.