Биз менен байланышыңыз

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотто сүйлөп жатып, көзүнө жаш алды

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 7897 | 1

Кыргызстандын мурдагы Өкмөт башчысы Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча соттук отурумда жарыш сөз сүйлөп жатып көзүнө жаш алды.

Айыпталуучу эки сааттай сүйлөп, кылмыш иштин бардык жагдайларына токтолуп, модернизациялоо иштери кандай башталганы, долбоор эмне үчүн, ким тарабынан талап кылынганы тууралуу айтты. Акыр аягы өзү айыпталып калары жети уктаса да түшүнө кирбегенин белгилеп кетти:

Бул иште кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу мени жана бардык айыпталуучуларды актоону өтүнөм. Эч болбосо мени камап, калгандардын баарын чыгаргыла. Анткени, силердин максатыңар менмин. Мени түрмөгө отургузуу үчүн калгандарын да кармадыңар. Мындан сырткары, унааны калтырууну суранам, анткени менин төрт кызым бар. Келинчегим унаа менен кыздарды бакчага, мектепке жеткирет. Унаа болбосо үй-бүлөм кыйналат”, — деди Сапар Исаков. Буларды айтып жатып ал көзүнө жаш алды. Сотто катышып олтурушкан анын жакындары, туугандары Сапар Исаковду колдоп турушту.

Бишкек ЖЭБ боюнча сот ишинде мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, энерго сектордун топ-менеджерлери Салайдин Авазов жана Айбек Калиевдер айыпталып, УКМКнын тергөө абагында камалууда. Ошол кездеги финансы министри Ольга Лаврова да үй камагында.

Аты айтылгандардын баарына кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана коррупция беренеси боюнча айып тагылууда.

Мамлекеттик айыптоочу Сапар Исаковдун үй-мүлкүн конфискациялап, өзүн 15 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Маматкул

    03.12.2019 17:20

    С.Исаков Кытай компаниясы менен келишим тузгонго угуттогон деп эле аны кесип салгандын озу туура эмес. Азыркы бийликтин башында турган кишинин буюртмасы болгон окшойт. Жогорку Кенештин спикери жана анын комитеттери эмне учун убагында ал келишимди жактырып, анын ишке ашканына жардам беришкен? Оз убагында келишимди жактырбай коюшканда ЖЭБдеги модернизация иштери журмок эмес. Ошондуктан алар дагы жооптуу болуп эсептелинет. Агасы президент болсо, ал суттой аппак болуп чыга келеби?

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM