Марал Радиосу

Орусия менен Кытай 400 млрд долларга бааланган газ түтүгүн ишке киргизди

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытай лидери Си Цзиньпин «Сибирдин күчү» деп аталган газ түтүгүн расмий түрдө ишке киргизди. 2-декабрдан тарта Орусиянын «Газпром» мамлекеттик ишканасы Кытайга газ жеткире баштады. Эки өлкө башчысы ачылыш аземин телекөпүрө аркылуу өткөрүштү. 30 жылда 1 триллион куб метр газ жеткирилет деп түзүлгөн келишимдин баасы 400 миллиард долларга бааланган.

Газ түтүгүнүн курулушуна 5 жылдан ашык убакыт кетип, 1,1 триллион рубль сарпталган.

Бул долбоорго бир топ адистер каршы чыгып, өзүн актабай турганын айтышкан. Ошондой эле, АКШ жана Чыгыш Европадагы бир катар мамлекеттер да каршы чыккан.