Марал Радиосу

Өзгөндүн 29 жаштагы тургуну өрт кырсыгынан каза тапты

Оштун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын 29 жаштагы С.А. аттуу тургуну өрт кырсыгынан улам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маркумдун 99 чарчы метр аянттагы турак үйү толугу менен өрттөнүп, өзү өрт ичинде калган.

ӨКМ Ош облусунун Өзгөн районунда дагы 2 өрт кырсыгы катталганын кошумчалайт.