Биз менен байланышыңыз

Президент Бириккен Араб Эмираттары Мамлекетинин жарыяланган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 354 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахаянды БАЭ Мамлекетинин жарыяланган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын жалпы элин Бириккен Араб Эмираттарынын Мамлекетинин жарыяланган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биргелешкен иш-аракеттерибиздин аркасы менен биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы достук мамилелер эки элдин кызыкчылыктары үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Жээнбеков Халиф бин Зайед Аль-Нахаянга бекем ден соолук, бакубаттуулук жана иштерине ийгиликтерди, ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын элине тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM