Биз менен байланышыңыз

Маданият министри музейдеги феминисттик көргөзмөнү сындады

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 1895 | 2

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Бишкектеги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздар катышкан иш-чара боюнча үн катты. Бул тууралуу ал ушул тапта өтүп жаткан маалымат каражаттары менен жолугушууда айтты.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, мындай көрүнүштүн болуусуна министрлик каршылыгын билдирерин, заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын министрлик колдобой турганындыгын министр белгилеп кетти.

Министр аталган иш-чара уюштуруучулардын ойлогон оюна ылайык түзүлүп, аялдардын экономикалык жактан эркиндиги гана тууралуу темага коомчулуктун көңүлүн буруу болгондугун айтат:

“Маданият, маалымат жана туризм министри бул маселени кароо боюнча комиссия түзүүнү тапшырды. Министр ведомстволук мекемелерде, анын ичинде көргөзмө ишмердүүлүгүндөгү максаттарды, милдеттерди жана тартылуучу ресурстарды белгилөө менен перспективалык пландоо боюнча методикалык иштердин жүргүзүлбөй жаткандыгын белгиледи”, – деп билдирди министр.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде болуп өткөн. Учурда бул жылаңач кыздардын иш-чарасы социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынууда.

Мира Жангарачева кызматынан кетти

2 пикир

2 пикир

  1. Токур

    02.12.2019 19:04

    Мен Мира Жангарачованы ото мекенчил, намыской эже деп билемин. 1986-87 жж бизге «научный комунизден» 5 курста лекция окуган. Мен староста болгон учун мугалимдердин баарын жакшы билемин. Кыргызстанга, кыргыздарга куйгон эже деп билчумун.

  2. Таттыбу

    04.12.2019 14:50

    Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин да кадырын кетиришти,Роза Исаковнанын мынчалык улуттун аброюнан да байлыкты жогору коет деп ойлобопмун,уят ото уят. Бул жерде аял затын дагы бир жолу куурчак кылып ойноп кордунуз, сизди кудай ойноп корсун, кудайга койдук, сизде да кыз бардыр ,жок болсо синдиниз бардыр,келме кезек деген бар ,ошол кыздарды акчага сатып келсениз сиздин синдинизди да 1 куну сизге окшогон бироо сатып алып мындан да жаман окуяга туш кылышы мумкун.Ичеги жууп таза тамак ичкен сенин Америкадан алган акчанан миллион эсе таза баа жеткис ал деген улуттун жок болуп кетпесине жол коет.Кантип жер басып журосуз? Билбейм!!! Кыргызча айтканда ГОРГО да батбайсыз батбай калын!!!!

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM