Марал Радиосу

Маданият министри музейдеги феминисттик көргөзмөнү сындады

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Бишкектеги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздар катышкан иш-чара боюнча үн катты. Бул тууралуу ал ушул тапта өтүп жаткан маалымат каражаттары менен жолугушууда айтты.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, мындай көрүнүштүн болуусуна министрлик каршылыгын билдирерин, заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын министрлик колдобой турганындыгын министр белгилеп кетти.

Министр аталган иш-чара уюштуруучулардын ойлогон оюна ылайык түзүлүп, аялдардын экономикалык жактан эркиндиги гана тууралуу темага коомчулуктун көңүлүн буруу болгондугун айтат:

“Маданият, маалымат жана туризм министри бул маселени кароо боюнча комиссия түзүүнү тапшырды. Министр ведомстволук мекемелерде, анын ичинде көргөзмө ишмердүүлүгүндөгү максаттарды, милдеттерди жана тартылуучу ресурстарды белгилөө менен перспективалык пландоо боюнча методикалык иштердин жүргүзүлбөй жаткандыгын белгиледи”, – деп билдирди министр.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде болуп өткөн. Учурда бул жылаңач кыздардын иш-чарасы социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынууда.

Мира Жангарачева кызматынан кетти