Биз менен байланышыңыз

Мира Жангарачева кызматынан кетти

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 2521 | 1

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева  кызматынан өз арызынын негизинде кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында,  Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева имаратты феминисттик кыймылдын провакациялык иш-аракеттери үчүн ижарага бергенин өз ишине болгон калпыстык деп баалап, арызын жазган. Арызга министр Жаманкулов кол коюп, Мира Жангарачеваны ээлеген кызматынан бошоткон.

Мира Жангарачева 1952-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Философия илимдеринин кандидаты, доцент. Буга чейин бир катар мамлекеттик, анын ичинде губернатордун орун басары, министр, вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган.

Эске салсак, аталган музейдин мурдагы директору Юристанбек Шыгаев музейдеги сүрөттөрдү жараксыз абалга келтиргени боюнча айыпталып, кызматынан алынган болчу.

Маданият министри музейдеги феминисттик көргөзмөнү сындады

Copyright © 2017 Maral FM