Марал Радиосу

Кыргызстан ЕАЭБдин жыйынтыктары тууралуу талкуулайт

Бүгүн, 2-декабрда Бишкекте Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан берки жыйынтыктары тууралуу талкуу болот. Анда биримдиктеги өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу, соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу маселелери каралып, сунуштар айтылып, резолюция кабыл алынат.

Жыйынга Жогорку Кеңештин, президенттин, өкмөттүн аппарат өкүлдөрү, Евразия экономикалык комиссиясынын, аталган биримдиктеги министрлик, мекемелердин өкүлдөрү, ЕАЭБтин Кыргызстандагы өкүлдөрү, эксперттер, бизнес өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышышат.

Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгон. Муну менен Кыргызстандын жарандарынын биримдикке кирген өлкөлөрдүн аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү камсыздандырылып, өлкөдөн чыккан товарлардын,  тейлөө кызматтары жана капиталынын ЕАЭБ мүчөлүгүнө ээ  мамлекеттерде эркин жүгүртүлүшү тууралуу жарыяланган.