Марал Радиосу

Бишкекте жаш манасчылар сынагы өтөт

Бишкекте 4-декабрда Манасчылар күнүнө карата жаш манасчылардын сынагы өтөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымдагандай, сынак 2 категория боюнча өтөт: 10-20 жаш жана 20-30 жаш курак аралыгында.

Конкурс 2-декабрда «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясында саат 9:00дө башталат. Сыйлык берүү аземи 4-декабрда Токтогула Сатылганов атындагы филармонияда өтөт.

20-30 жаш аралыгындагы жеңүүчүлөр төмөнкүдөй сыйлыкка ээ болот:

— 1-орун 20 000 сом;

— 2-орун 10 000 сом;

— 3-орун 8000 сом.

10-20 жаш категориясындагы жеңүүчүлөргө планшет тапшырылат.