Марал Радиосу

Жалал-Абад: Күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн 1-декабрда саат 09:30 чамасында Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Сейсмология институту билдиргендей, жер силкинүүнүн күчү Аксы районунун Райкөмөл, Кечүү айылдарында 3 балл, Ит-Сай, Кызыл-Бел, Ак-Жол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.