Марал Радиосу

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса шаарында өтөт

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса шаарында өтөт. Бул тууралуу Түркиянын жаштар жана спорт министри Мухаррем Касапоглу билдиргенин «Анадолу» агенттиги жазды.

Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жолу Кыргызстанда өткөнүн белгилеген министр, бул ирет оюнду уюштурууда Түркия жоопкерчилик алганын айтты. Ошондой эле, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маанилүү иш-чара катары өтө жогорку деңгээлде өтөрүн кошумчалады.

Анын айтымында, Түркия жетектеген иш-чара Бурса шаарында өтөт.