Марал Радиосу

Бишкекте фитнес-борбордо өрттөндү

Бишкектеги Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги фитнес-борбордо өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы кабарлады.

Өрттүн чыкканы боюнча маалымат ӨКМге бүгүн саат 09:36да келип түшкөн. Кырсык болгон жерди 2 өрт өчүрүү бөлүмү тейледи. Өрт саат 11лерге жакын өрт толук өчүрүлгөн.

Кырсыкта адам өлүмү, адамдын ден соолугуна залал келген учурлар катталган эмес. Спорттук шаймандар өрттөнгөн.

Учурда кырсынтын келип чыгышы такталууда.