Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Чек аралардын укуктук каттоосун тез арада жыйынтыктоо зарыл

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 439 | 0

«Мамлекеттик чек аралардын укуктук каттоосун тез арада жыйынтыктоо боюнча биргелешкен жумушту улантуу зарыл», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы Афганистанда жана Жакынкы Чыгыштагы абал, Ислам мамлекети жана аймактагы башка радикалдуу топтордун идеологиясын жайылтуу терең тынчсызданууну жаратып жатканын белгиледи:

Биздин мекендештерди жалданма террористтердин катарына тартуу жана активдүү пропаганда биздин аймак үчүн тынчсыздандыруучу фактор болуп жатат. Активдүү биргелешкен аракеттер менен гана биз эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучуна туруштук бере алабыз деп ойлойм. Кыргыз тарап аймактык коопсуздукту камсыздоо керектигине бекем турат, — деди президент.

Ал бүгүнкү күндө эң негизги маселелердин бири чек араларда өз ара түшүнүшүү жана коопсуздук деңгээлин жогорулатуу болуп саналарын, бул жумуштун татаалдыгына карабастан, алдыга жылып, компромисс издеш керектигин белгиледи:

Туруктуулукту сактоо жана чек араларда өз ара ишенимди мындан ары бекемдөөгө бардык аракеттерди көрүү маанилүү. Биздин чек ара жана бажы структуралар, коопсуздук жана ички иштер аймактык органдары, бийликтин жергиликтүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө чакырам, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM