Биз менен байланышыңыз

Ормошев: Өлкө боюнча 545 отун базасы ачылды

Коноктор , Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 38 | 0

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Ормошев «Марал» радиосуна берген маегинде өлкө боюнча 545 көмүр базасы ачылганын билдирди.

Анын айтымында, отун базаларынын 236сы өлкөнүн түндүк аймагында, 309у түштүктө ачылган. Аларадын баары жеке менчикке өткөн, мамлекетке тиешелүү отун базасы жок.

Кара-Кече көмүр кенине 24 камера коюлуп, атайын тартип орнотулган. Электрондук 2 тараза иштеп жатат. Ормошев көмүрдүн баасын көзөмөлдөө «Кыргызкөмүрдүн» милдети эместигин айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

-Биз болгону Кара-Кече көмүр кениндеги кара алтындын наркына жооптуубуз. Кара-Кечеде көмүрдүн баасы — тоннасына 1330 сом. Көмүр кенинен суткасына 100дөй унаа көмүр жүктөп кетүүдө. Учурда 24 камера иштеп, коопсуздук кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп турушат. Кабак бассейининде 17 ишкана иштеп жатат. Миң-Кушта 13 жеке менчик ишкана жайгашкан. Баары линцензия алып, толук кандуу иш жүргүзүп жатат, — дейт.

Ормошев жарандарды көмүрдү ири отун базалардан сатып алууга чакырып, даректер боюнча төмөнкү маалыматтар менен бөлүшүп:

-Мындай жайларда көмүр сапаттуу болот. Бишкектин тургундары Эркиндик көчөсү — 2 дарегине кайрылып, же болбосо 0312 30 11 78 номурун терип, көмүрдүн сапаты, отун базалары тууралуу маалыматтарды ала алышат, — деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM