Марал Радиосу

«Бюджеттик мекемелерге 180 миң 653 тонна көмүр жеткирилди»

Өлкө боюнча бюджеттик мекемелерге 180 миң 653 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Ормошев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 20-ноябрга алынган маалымат боюнча калкка 761 миң 142 тонна кара алтын жеткирилди.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 2019-2020-жылдар үчүн 2,5 млн тоннна көмүр өндүрүү тапшырмасын алган. Анын ичинен бюжеттик мекемелер 236 миң тонна, эл 1 млн 124 миң тонна, Бишкек Жылуулук электр борбору 1 млн 140 миң тонна кара алтын керектейт.

-1 тонна көмүрдү ачуу үчүн 8 тонна топуракты тазалоо зарыл. Көмүргө болгон суроо-талап жыл сайын 100 миң тоннага өсүп жатат. Буга байланыштуу топурак тазалоо жумуштары да көбөйүүдө. Ал эми көмүр казуу процесси мезгилге карабай жүрө берет, — дейт Ормошев.