Бүгүн 28-ноябрда Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту каралып, жалпы кирешелер 135 млрд 504 млн сомго жетип, ал планга карата 95,7 пайызга аткарылган. Ошондой эле 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, 2020-жылга бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 27,5 пайыз деңгээлинде болжолдоно турганы айтылды. Ошондой эле, келе жаткан жылда өлкөдө кандай иштер аткарылары жана салына турчу мекемелер тууралуу сөз болду.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште алгач 2018-жылдагы бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берди. Андан соң 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 27,5 пайыз деңгээлинде болжолдонорун айтты. Ошондой эле, 2019-жылдын бюджетине салыштырмалуу кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 7,8 пайызга же 13 мдрд 248 млн сомго көбөйгөнүнө токтолду. 2020-жылы кайсы тармактарга басым жасаларын айтып берди.
-Келе жаткан жылда мунайзатка болгон көз карандылык көбөйөт. Күйүүчү жана майлоочу жайлардагы аткезчилик жолу менен ташылчу кадамдар азаят. Кантип? Биз ар бир өткөрмө бекеттерине электрондук байкоо камерасын коюну пландап жатабыз. Ал жактан канча унаа кирип жатат? Өлкөгө эмненин кирип жатканын президент жана бажы министри көзөмөлгө алып, көрүп тура алат. Өкмөт аймактарды өнүктүрүү үчүн ички өндүрүшкө түрткү берет. Бул максатты ишке ашырууга 2020-жылы 4,8 млрд сом каралууда. Бул жакка «Centerra Gold» компаниясынын каражатына түзүлгөн эки фонддун финансылык каражаттары жумшалат. Мындан тышкары, буга чейин донорлор тарабынан берилген 2 млрд сом стартаптарды жүзөгө ашырууга, аялдар ишкерлигин колдоого жана өлкөнүн алыскы аймактарындагы долбоорлорду колдоого жумшалат. Жалпысынан аймактарды өнүктүрүү үчүн былтыркы 2 млрд сомдун ордуна 6,8 млрд сомго каржылоо иштери жүрөт, — деди премьер-министр.
Абылгазиев: Тышкы финансы булактары экономиканы өнүктүрүүгө багытталат
Ал эми 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 953 млн сомду же ички дүң өнүмдүн 1,5 пайызын түзөт. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 9 млрд 953 млн сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган.
Талкуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу Мамлекеттик бажы кызматынын 2019-жылдагы бюджети көбөйтүлгөнүнө токтолду. Эл өкүлү жыл аяктагандагы көрсөткүчтөр анчейин жогорку деңгээлде болбой калганын сынга алды. Ал деги эле ушул бажы тармагындагы аткезчилик жолго кантип бөгөт койсо болот деген суроо салды.
— 2018-жылы 2019-жылдын бюджетин карап жатканда 500 млн. сомго көбөйткөндөн кийин натыйжа да болушу керек эле да? Өкмөткө ишенип бергендин жыйынтыгын көрүп атасыздар. Жанатан бери аткезчилик деп айтып айтабыз. Маселен, Таластан, Чалдовардан өтө көп аткезчиликтер болуп жатат. Чек ара кызматына эле ишенип отура бербей, башка кызматтарды коюп көрсөңүздөр.
Журналисттердин иликтөөсүндө айтылган 700 млн. доллар ишкерлердин акчасы болушу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт башчы депутат Таабалды Тиллаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Аны менен катар Кыргызстандын банктарынан 2018-жылы 90,5 млрд. доллар, 2019-жылдын 6 айында 48,3 млрд. доллар чыгарылганы тууралуу айтылды.
-Өлкөнү ызы-чуу кылып жаткан иликтөөдө айтылган 700 млн.доллар — казынанын акчасы эмес. Бул ишкерлердин гана акчасы болушу мүмкүн. Бирок бул боюнча азыр иштер жүрүп, иликтенип жатат. Ал эми Кыргызстандын банктарынан 2018-жылы 90,5 млрд. доллар, 2019-жылдын 6 айында 48,3 млрд. доллар чыгарылган.
Өкмөттө өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар боюнча жыйын болду
Калкты социалдык коргоо жана колдоо Өкмөттүн ишинде ар дайым артыкчылык катары калат. Өкмөт башчы билдиргендей, быйыл билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы көбөйтүлүп, медициналык кызматкерлердин маянасын көтөрүүдө олуттуу жылыштар бар экенин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
—Эгер ушул жылдын башында ИДПга карата тышкы карыздын көлөмү 48,8 пайызды түзсө, ал 2020-жылы 43,5%га чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Башкача айтканда, көрсөткүчтөр төмөндөөдө. Өкмөт бюджеттеги каатчылыкты жана мамлекеттик карызды кыскартуу максатында бюджетти консалидациялоо саясатын улантат. Бюджеттин күнүмдүк чыгымдары ички булактар аркылуу жабылат, ал эми тышкы финансы булактары экономиканы өнүктүрүүгө багытталат.
Жыйындын алкагында депутат Марлен Маматалиев саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иштер жүрүп жатканын, ошол эле маалда билим берүү тармагында бул багытта кандай иштер жүрүп жатканына кызыкты. Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова мэриялар жер маселелерин чечип берсе, билим берүү, анын ичинде, бала бакчалар боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизиндеги иш-пландар күчөтүлөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште 2020-жылдын мамлекеттик бюджетинин көлөмү жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин болжолу каралды. Анын алкагында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы 150 мектеп жана 22 бала бакча курулуп, оңдоо иштери жүрөрү айтылды. Ошондой эле, 117 айылга таза суу киргизилери белгилүү болду.