Марал Радиосу

Сергей Лавров Кыргызстандын Дипакадемиясынын “Ардактуу профессору” болду

Кыргызстандын Дипломатиялык академиясы Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровго “Ардактуу профессор” наамын ыйгарышты. Бул тууралуу окуу жайдын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Академиянын ректору Чынара Адамкулова Лавровго мантия кийгизип, шахмат белек кылды.

Орусиялык дипломат мындай наамга ээ болуу, ал үчүн сыймык экендигин билдирип, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов да Дипакадемиянын профессору болгондугун белгиледи.

Эске салсак, Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров быйыл Кыргызстанга төртүнчү ирет келди. Өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Орусиянын ТИМ жетекчиси профессор укугу менен Бишкекке келип, студенттерге лекция окуп турат деген ишеними бар экендигин айтты.