Биз менен байланышыңыз

Аэропортто президенттерди тосуп алган кыздын маеги

Блог | 28 Ноя 2017 | 25528 | 2

Ар бир эле мамлекетте ардактуу коноктор учуп келгенде биринчи расмий тосуп алчу кишиден кийин эле, өлкөгө келген конокторду адеми, чырайлуу улуттук кийимчен кыздар тосуп алат. Алардын бири Нуржамал Жуманазарова. Суйкайган сулуу бийкеч 8 жылдан бери эл аралык “Манас” аэропортунда иштейт. 7 жылдан бери өлкөгө келген ардактуу конокторду, делегацияны тосуп келет. Ал буга чейин 30га жакын мамлекет башчыларын тосуп алган.

18 жашымда аэропортто иштеп калгам

18 жашымдан баштап аэропорттогу кыздарды көрүп мен да иштесем деп кыялданчумун. 2-курсумда резюме тапшырып көрүп, өтүп кеттим. 2009-жылдан бери иштеп келе жатам. 2010-жылдан баштап делегация тосуп баштагам. Башында делегация тосконго кызыгып, көңүл деле бурчу эмес экенмин. Бирок делегацияны уюштуруп жүргөн кыз тосуп көрбөйсүнбү деп сунуштаганынан байкап көрүүнү чечкем. Ошондон бери бул кызматты аркалап келе жатам. Биринчи толкунданчумун, азыр күнүмдүк жумуштай толкундануу жок, көнүп калдым. Өзүм инспектор болуп иштейм. Кесибим боюнча юристмин. Авиациялык училищадан юриикалык билим алгам. Сертификаты жок аэропортто иштөө мүмкүн эмес.

Делегацияны көбүнчө 3 кыз, кээде экиден тособуз. Баарыбыздын бойлорубуз бирдей. Ал жерге ар бир кызды эле ала бербейт. Ал үчүн бою, дене мүчөсү стандарт болушу зарыл. Коопсуздук маселеси күчтүү болгондуктан, башка жактан келген кыздар делегацияларды тосо алышпайт.

В. Путинди тоскон сайын толкунданабыз.

Мен дагы кыздар да В. Путинди тосконго эле кызыга беребиз. Башка президенттерге караганда ага көп суктанабыз. Анткени ал  өзүнүн жумушун так аткарган адам, жаш көрүнөт.

Президенттер бизге суктанышат

Кийген көйнөгүбүз оор. Шөкүлөбүз башты оорутат. Баарыбыз бийик шиш така киебиз. Президенттер «аябай узун кыздар экен» деп бизге суктанышат. Бирок биз шиш така менен жүргөндө журналисттер бизди түртүп алышат же көйнөгүбүздүн астын басып алышат. Ошол учурда жыгылып кетип уят болбосок экен деп коркуп турабыз. Бирок андай кездер боло элек. Нан менен боорсок салган табак оор болгондуктан, колдорубуз талып калат.

Чет өлкөнү кыдырсам деп тилейм

Мен өзүм аракетчилмин. Уйкуну жакшы көрсөм да, көп уктабаганга аракет кылам. Студент кезимде окуганга, иштегенге, делегация тосконго, андан тышкары курбуларым менен киного барып, өзүмө да убакыт бөлгөнгө жетишчүмүн. Мен кыялданган нерселеримдин баарына аракетим менен жетип келе жатам. Окудум, иштедим. Өкүнбөйм деле. Жакын курбу кыздарым турмушка чыгып, балалуу болушкан. Ошол жактан эле жетишпей калбасам, калган жактардан жетиштим го деп ойлойм. Юрист болсом деп жүрөм. Чет өлкөлөргө барган мага жагат. Жеке өзүмдүн жумуштарым менен чет жерлерге көп чыгам.

14 президентти көргөм

Алгачкы жолу кимди тосконумду унутуп калдым. 2013-жылы ШКУ саммити болгондо Казахстан, Кытай, Иран, Монголия, Өзбекстандын президенттерин кошкондо 13-14 президенттерин көргөм. Эң эсте калганы ошол болгон. Ошол учурда “президенттерди көрүү ар кимге эле буйруй бербейт”,- деп толкундангам.

 

2 пикир

2 пикир

  1. Асел

    05.01.2020 08:21

    Нуржамал ишиңе ийгилик ушинтип Кыргыздын керегине жараган кыздардан болуп жүрө бер бактылуу бол

  2. Алмаз

    05.01.2020 21:15

    Сен аябай сулуу кыргыздын кызы экенин ийгилик сага каалаймын карындашым

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM