Марал Радиосу

Белорусиянын президенти Лукашенко Кыргызстанга келди

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунан аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.

Уюмга Орусия, Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болуп саналат.