Марал Радиосу

Тажикстандын президенти Кыргызстанга келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунан аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.

Уюмга Орусия, Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болуп саналат.

Exit mobile version