Марал Радиосу

Бишкек-Ош унаа жолунда кардын калыңдыгы жарым метрден ашты

Бишкек-Ош автоунаа жолунда кардын калыңдыгы 55 сантиметрге жетти. Бирок жолдун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгону менен жол ачык, унаа кыймылы жүрүп турат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Кан жолдун 121-128 чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 10-35 см, түштүк тарабында 132-137 чакырымдарында 15-55 см түзөт. Ал эми жолдун 198-249 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кардын орточо бийиктиги 10-40 см түзөт.

Exit mobile version