Марал Радиосу

Бишкек кара түтүндөн кантип арылат?

Бишкектин үстүн коюу түтүн каптаганы шаар тургундарын тынчсыздандырып келет. Көмүр менен иштеген өндүрүштөн, турак жайлардын миңдеген жылуулук тутумунан жана жылуулук электр станцияларынан чыккан кара туман, абанын булганышы адамдардын саламаттыгы үчүн абдан чоң экологиялык коркунуч экени маалым.  Бишкек шаары менен Оштогу абанын булганышынын негизги булактары болуп жылуулук электр станциялары жана транспорт каражаттары болуп саналат. Экологдордун айтымында, борбордо жеке турак жайлар, өндүрүш ишканалары экологиянын булганышын эске албай жатат.

Сууктун түшүшү менен унаалардан чыккан уулуу газдар көбөйүп, тургундар үй менен мончолорду жылытууда таштанды, желим жаккандан улам аба булганууда. Акыркы маалыматтарга таянсак, Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын бири бойдон калууда. Мындай жыйынтык АКШнын Кыргызстанда “Airnow» жабдуусун орноткон кийин чыкты.

Унаадан чыккан уулуу заттарга атмосфераны булгаган нерселердин 90 пайызы туура келет.

Эколог Динара Кутманова бир канча жылдан бери бул маселени көтөрүп, бирок чечилбей келгенин айтат. Ал Бишкек ЖЭБдеги түтүн аз чыгара турчу техниканын кандай иштеп жатканын текшерүү керектигин айтты:

-Акыркы 3 жылдан бери, аба булганып жатат. Бул көйгөйдү биз жыл сайын көтөрүп, айтып келебиз. Бирок мамлекет тараптан эч кандай чара көрүлбөй жатат. Мамлекет шаарлардагы өндүрүш ишканаларындагы түтүндөрдү фильтрлөөчү каржаттарды орнотконун текшерүү керек.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары «Таза аба» долбоорун сунуштап, бир нече мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөрүшкөн. Ал мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Абанын булганышына жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды азайтууга багытталган мыйзам долбооруна ар кандай сунуштар айтылууда.

Демилгечи депутаттардын бири Абдывахап Нурбаев  абаны тазалап чыгаруучу катализаторлорду орнотуу, электромобил, газ менен иштегендерге жеңилдик берүү сыяктуу сунуштар келип жатканын айтты:

Биз буга чейин мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушубузду бергенбиз. Учурда демилгебиз коомдук талкууда. Сырттан алынып келинчү электромобил унаалардан жана анын тетиктеринен салыкты алууну жана ишканаларды тиешелүү органдар текшерип, отчет берип туруусун талап кылып жатабыз. Жаңы жылга чейин токтом кабыл алып, абаны таза сактоо үчүн чараларды көрөбүз. 

Мурда көп кабатуу үйлөрдү абанын агымына жараша куруууга уруксат берилсе, азыр курулуш иштери көзөмөлгө алынбайт. Жарандык активист Семетей Талас уулу өндүрүш ишканаларга атайын түтүндү аз чыгаруучу фильтр коюу керек деп эсептейт:

Абанын булганышынын 4 негизги  фактору бар. Унаалардан чыккан кара зыяндуу түтүн, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн абанын агымына тоскоол болгону да таасирин тийгизип жатат. Мурда абанын агымына жараша үйлөрдүн кайсы жерге, канча кабат салына турганы айтылчу. Азыр болсо, каалаган жерине көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатышат.

Кыргызгидромет борбору 14 стационардык посттордун жардамы менен Кыргызстандын беш шаарында абанын курамы тууралуу маалыматтарга байкоо жүргүзөт. Агенттик жалпысынан күкүрт диоксиди, жана азоттун оксидинин көлөмүнө көз салат.

Шаар тургундары ар бир жаран экологияга кайдыгер болбошу керек дейт. ЖЭБ эл көп жашаган борбордо жайгашкандыктан жана таштандыларды күйгүзбөстөн, кайра иштетүү керектигин айтат:

Ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. Себеби таштандыларды күйгүзүп, мончого пластикалык буюмдарды күйгүзүү, абага таасирин тийгизип атат.

-Борбордо эл көп, ошол эле учурда унаалар да көп. Сөзсүз унаадан чыккан түтүндөн, аба булганат. Экинчиден, ЖЭБ шаардын ортосунда жайгашкан. Көмүрдөн чыккан түтүн абага да жарандардын ден соолугуна да зыянын тийгизет. 

Эксперттердин изилдөөлөрү боюнча абасы эң таза болгон мамлекеттер — Исландия, Финляндия, Эстония, Швеция жана Австралия. Ал эми Индиянын 14 шаары дүйнөдөгү абасы эң кир деп таанылган 20 калаанын катарына кирет.

Exit mobile version