Марал Радиосу

Албания: Зилзаладан 9 адам каза болгону белгилүү болду

Албанияда жер кырсыгынан аз дегенде 9 адам каза болду. Ошондой эле, 600дөн ашык жаран медициналык жардам сурап кайрылышкан.

Маалыматка ылайык, зилзаланын күчү 6,4 баллга жеткен. Силкинүүнүн очогу Тиран жана Дуррес шаарларынын ортосунда болгон.

Буга чейин кырсыктан кесепетинен 4 адам көз жумуп, 300дөн ашык тургун ар кандай жаракаттарды алганы айтылган болчу.

Учурда дагы деле издөө-куткаруу иштери уланууда. Кырсык орун алган жерде 1,9 миң полиция кызматкери иштеп жатат.