Марал Радиосу

Футбол калысы Бахадыр Кочкаров эл аралык карьерасын жыйынтыктады

Кыргызстандык футбол калысы Бахадыр Кочкаров Азия футбол Конфедерациясынан (АФК) атайын сыйлык алды. Бул окуя бүгүн АФКнын башкы штабында өткөн салтанаттуу жыйында болду. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы билдирди.

Бүгүн, 26-ноябрда Малайзиянын баш калаасы Куала-Лумпур шаарында AFC Referees Memento Awards 2020 салтанаттуу иш-чара болуп, бир катар футбол калыстарынын эл аралык карьерасы жыйынтыкталганы жарыяланды. Алардын катарында кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров да бар. Ага АФКнын атайын сыйлыгы тапшырылды.

Бахадыр Кочкаров футбол калысы катары карьерасын мындан толук 20 жыл мурда баштаган. 1997-жылдын 26-майында дебюттук матчында U-19 дүйнө чемпионатына тандоо турунда Өзбекстан менен Камбоджа курамаларынын беттешин тейлөөгө көмөктөшкөн.

Ал эми профессионалдык карьерасы 2019-жылдын 10-ноябрында эл аралык беттешке калыстык кылуу менен жыйынтыкталган.

Кыргызстандык калыс Дүйнө чемпионатында 9 беттешти тейлөөгө катышкан.