Марал Радиосу

Москва: Мушташтан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар болгон эмес

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган «Орусиянын Москва шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын барып, тазалык кызматында иштеген кызматкерлер футболдук беттешке байланыштуу массалык мушташ уюштурду» деген маалымат боюнча Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирүү жасады.

Элчилик маалымдагандай, мушташтан жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары болгон эмес.

Мушташка катышкандардын баарына «Ээнбаштык» беренеси менен каттого алынып, протоколдор түзүлгөн.