Марал Радиосу

Билим берүү министринин орун басары Бельгияда өткөн конференцияга катышты

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров Белгиянын Брюссель шаарында өткөн «Билим берүү аркылуу туруктуу келечекке» деп аталган борборазиялык конференцияга катышты.

Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарада Европа биримдиги жана Борбор Азия мамлекеттеринин жогорку деңгээлдеги эскперттери билим берүү, инновация жана жумушка орноштуруунун өз ара байланыштарын талкуулашты. Конференция Европа биримдиги кабыл алган жаңы стратегияны колдоо үчүн иш-аракеттер менен программаларды бириктирүүгө багытталды.

Нурлан Омуров Европа биримдиги Борбор Азия аймагын “Эразмус+”, “Борборазиялык билим берүү платформасы” сыяктуу эффективдүү программалар аркылуу колдоп келе жатканын белгилеп, эмгек базары талап кылган ишке орношуу үчүн маанилүү болгон тажрыйбаларды өнүктүрүүгө багытталган жогорку жана кесиптик-техникалык билим берүүгө басым жасаганын билдирет:

«Конференция аймактагы жаштарды жана билим берүүнү колдоого алган Европа биримдигинин ролун баалоого жана региондогу кызматташууну өнүктүрүүнүн жолдорун табууга жардам бере алды. Мындан аркы кызматташуунун негизги багыты катарында: ЖОЖдордо илимди өнүктүрүү, улуттук квалификация системасы тармагында кызматташууну өнүктүрүү, Европа биримдиги өлкөлөрүндөгү эксперттердин катышуусу менен Phd даражасын коргоо, креативдүү индустрия үчүн кадрларды даярдоо жана Борбор Азияда Европа университетин түзүү сунушталды«, — дейт Нурлан Омуров.