Биз менен байланышыңыз

Өкмөт бажыдагы коррупция боюнча үн катты

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 1120 | 0

Бажы тутумунда түзүлгөн кырдаал боюнча мурдагы жана учурдагы кызмат адамдарынын коррупциялык иш-аракеттери азыркы тапта тиешелүү компетенттүү органдар тарабынан тыкыр иликтенүүдө. Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын жетекчилерине кыска убакыттын ичинде териштирүү жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, ар тараптуу жана терең териштирүү үчүн ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү. Өкмөт ошондой эле Түркияда чет элдик бизнесмендин өлтүрүлүшүн иликтөө максатында түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын ишине бардык күчү менен аракеттенүүгө даяр.

Белгилей кетсек, өлкөнүн бажы органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамырынан жоюу иши учурдагы өкмөт тарабынан тутумдуу негизде жүрүүдө. Премьер-министр бажы ишинде кескин өзгөртүүлөргө кадрдык чечимдер аркылуу гана жетишүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Дал ошондуктан Бажы кызматындагы адамдык факторду азайткан, бажы процедураларынын дээрлик бардык баскычтарынын ачык-айкындыгын камсыз кылган электрондук системаларды колдонуу менен көзөмөлдөөнүн жаңы технологиялары активдүү киргизилип жатат.

«Торугарт», «Эркечтам» бажы постторунда заманбап текшерүү комплекстери пайдаланууга берилген, жакын арада алардын ишине онлайн-көз салуу жана өтүп жаткан жүктөр тууралуу бардык маалыматтарды алуу мүмкүндүгү түзүлөт.

Өкмөт Мамлекеттик бажы кызматынын тутумун тартипке келтирүү максатын катуу койгон. Ушул бекем багыт өлкө президентинин деңгээлинде каралып, чек арага үч жолку көзөмөл киргизүүнү сунуштаган ЕЭАБ боюнча өнөктөштөрдүн аракети менен бирге жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM