Марал Радиосу

«Ош» эл аралык аэропортунда кармалган каттамдар учуп кетишти

«Ош» эл аралык аэропортунда кармалган учактардын баары бүгүн учуп кетишти. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 24-ноябрда калың тумандан улам бир катар каттамдагы учактар учпай калган.

Кечээ, 24-ноябрдагы түшкөн тумандан улам, Ош эл аралык аэропортунан бир нече каттамдагы учактар учпай калган болчу. Кармалган бардык каттамдар бүгүн учуп кетишти. Ош аэрпопорту учурда штаттык режимде ишин улантып жатат, — деп билдирди ал.

Алия Курбанова ошондой эле, аэропорттун иштери, каттамдардын убакталарынын жылдырылганы, жүргүнчүлөр боюнча оперативдүү маалыматтарды 0-3222-9-01-01 телефон номери аркылуу билип алууга болорун эскертет.