Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: «Өкмөттү отставкага кетире турган маселелер көбөйүп кетти»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Ноя 2019 | 686 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Маралга» берген маегинде өкмөттү отставкага кетире турган маселелер көбөйүп кеткенин билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө болуп жаткан окуялардын баары атуулдук жоопкерчиликтин жоктугунан улам келип чыгууда. Коррупциянын бардыгы шайлоодо буту тешилгенче жүгүрүп, көрүнгөндөн акча алып, добушун саткандардын айынан болуп жаткандыгын билдирди:

-Бизде шайлоого болгон кайдыгерлик, мамиленин натыйжасы ушул. Мындай көйгөлөрдү чечүү үчүн тез арада референдум өткөрүп, Конституцияны өзгөртүү керек. Мисалы, Башмыйзамдын 3-главасын жоюп салуу зарыл. Кыргызстанда президент болбошу керек, абсолюттуу парламентиризмге кетишибиз керек. Биз укуктарыбызды президентке берип коюп, парламент да, өкмөт да бурчта отурат. Жоопкерчиликти кимден сурашты билбей жатабыз. Ал эми колдонуудагы Конституция боюнча президенттен эч нерсе сурай албайбыз, — дейт Калмаматов.

Анын пикиринде, өкмөттүн туура эмес иштерине ЖКдагы көпчүлүк коалиция жооп бериши кажет. Бирок баары «бул жагын президент билет» деп унчукпай отурат. ЖК бул жерде да көзөмөл жүргүзүү милдетин аткара албай жатат. Анткени парламенттин өзүндө кызыкчылыктардын кагылышы орун алууда.

Copyright © 2017 Maral FM