Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбековдун интервьюсу жарыяланды

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 1595 | 1

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, президент болуп кызматка киришкенинин эки жылдыгына карата КТРК 24 телеканалына маек берди. Бул маекти «Кабар» мамлекеттик агенттигинин директору Кубан Абдымен алган.

Интервьюнун жүрүшүндө, өлкө башчы пландары тууралуу, аткарылып жаткан иштерден кеп салган. Ошондой эле аймактарды таза суу менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурганын айткан. Мындан сырткары коррупция менен күрөшүү темасына токтолуп, «Кыргызстандын калкы 6,5 млн болуп көбөйүп жатабыз. Бирок, кызматка келгендерди сурасаң эле «куда-сөөк, ага-тууган» болуп чыга келет. Андыктан коррупция менен күрөшүү маселеси курч болуп турат. Бирок, ошого карабай биз алгач күч органдарын тазалап алсак, андан ары жылыш болот деп ойлойм»-деген пикирин билдирген.

Белгилей кетсек, президент Жээнбеков 2017-жылы 24-ноябрда өлкө башчы катары расмий түрдө ант берип, кызматына киришкен.


Сурамжылоо: Жээнбековдун президенттигине эки жыл: эмне өзгөрдү?


 

Copyright © 2017 Maral FM