Марал Радиосу

“Тазалык” түнү менен шаардын жолдорун тазалап чыкты (фото. видео)

24-ноябрдан 25-ноябрга караган түнү жааган карда Бишкек мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаар жолдорун  тазалашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Жибек Каракеева өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Түнкү саат 03:16да «Тазалыктын» кызматкерлеринин иш учурундагы сүрөт, видеолорун тартып, өзүнүн баракчасына жүктөдү. Маалыматта жолдорду кардан тазалоо, жолго кар ээритүүчү туздарды себүү иштери уланып жатканын билдирилген.

Ал ошондой эле, жол четине коюлган унаалар жол тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоолдук жаратып жатканын белгилеп, унааны четке коюну шаардыктардан өтүнгөн. Жибек Каракеева мындан сырткары, жол коопсуздугу үчүн айдоочуларды кышкы дөңгөлөккө өтүүсүн эске салган.

Кыргызгидромет борборунун болжолу боюнча, бүгүн, эртең башкалаада  кар жаайт. Ал эми 26сынан 27сине караган түнү -11 градуска чейин суук болору айтылууда.