Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: «Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, айрым адамдарды кызматтан четтетиши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Ноя 2019 | 499 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, тиешелүү адамдарга конкреттүү чараларды көрүп, айрымдарын кызматтан четтеттиши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чкырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Матраимовдун маселеси, бажыдагы коррупция бүгүн эле чыгып жаткан маселе эмес. Бийликтин алмашканына 2 жыл болду. Учурда бул маселе боюнча жоопко тартыла турган адамдардын дээрлик баары кызматтан кеткенин айтат:

-Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөндө деле «ошолорорго карата кылмыш ишин козгогула» деген сөз болушу мүмкүн. Бирок кызматта тургандарды жоопкерчиликке тартуу башкача нерсени тушүндүрүп калышы мүмкүн. Ага карабастан, бийлик моралдык жоопкерчиликти моюнга алууну үйрөнүшү керек. Атамабевдин убагында болуптур деп таштап коё албайбыз. Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча тергөөчүлөр Түркияга кетти. Бул бийликтин маселенин тегерегиндеги окуяларды териштирүүгө кызыктар экенинен кабар берет», — дейт Калмаматов.

Ал кошумчалагандай, учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жана ал бийликте турган кезде жасалган  коррупциялык схемалар боюнча параллелдүү териштирүү жүрүп жатат. Мындай кырдаалда саясий компроматтардын тиреши башталат. Азыр эл анын бир четине күбө болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM