Марал Радиосу

Өзбекстанда эки аял алган жаран соттолду

Өзбекстандагы Бухара облусунун Гиждуван районунун тургуну “көп аялдуулук” беренеси менен бир жылга эркинен ажырыталды.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, соттолгон киши узак убакыт жубайы менен жашаган, 2 кызы бар. Расмий никесине карабай, 2016-жылы экинчи жолу үйлөнгөн. Ал аялы ооруп калып, уул төрөп бере албагандыктан ушундай кадамга барганын айткан.

2018-жылы экинчи аялы уул төрөгөн. Сот жараяны учурунда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган. Бирок экинчи ирет никеге турганына карабай, биринчи үй-бүлөсүнө да жакшы шарт түзүп бергенин, эки кызын багып келгенин белгилеген.

Өзбекстандын Кылмыш кодексинин “Көп аялдуулук” беренесине ылайык, сот аны бир жылга эркинен ажыраткан.