Марал Радиосу

Мектептерде онлайн окутуу практикасы ишке кирет

Ысык-Көл жана Нарын облусундагы эки мектептин 8-классынын окуучулары үчүн химия сабагы онлайн түрүндө өтүлдү.

«Заттын саны. Авогадро закону» темасындагы химия сабагын Бишкектеги Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин мугалими Закия Жээналиева өттү. Жаңыча ыкмадагы сабакты Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун колдоосу менен уюштурган.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде онлайн окутуу практикасын киргизүүнү пландап жатат. Бул салттуу билим берүү мейкиндигин кеңейтип, мугалимдердин иш ордунда отуруп эле кесипкөйлүгүн өнүктүрүү мүмкүндүгүн берет.

Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунда камтылган 30 инновациялык мектеп Кыргызстандын алыскы райондорунда жайгашкан. Өткөн жылы бул окуу жайлардын инфраструктурасы жакшыртылып, компьютердик, мултьтимедиалык техника, интернет менен камсыздалган. Мугалимдер предметтик билим берүүнүн жаңы стандарттары боюнча окуудан өтүшкөн.

Exit mobile version