Биз менен байланышыңыз

Таалатбек Масадыков: «Шайлоодон кийин оюнчулар гана алмашты, система ошол бойдон»

Кыска кабар | 24 Ноя 2019 | 1917 | 1

«Акыркы 15 жылдан бери, мурунку президент Аскар Акаевдин акыркы 5 жылынан баштап мамлекетибиз төмөндөй баштады. Бир дагы жолу өйдөлөгөн жокпуз. Төмөн гана кетип бара жатабыз. Биздин саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер, өлкө башчылар: «Биз Манастын урпактарыбыз» деп көкүрөктөрүн каккылашат. Анын ордуна иш көрсөтсө болот эле. Ар тараптан өнүгүүбүз эл аралык деңгээлде билинип турса, ошондо  «өнүгүп баратабыз» деп айтса болот. Азыр башка өлкөлөр Кыргызстанга кандай гана мүнөздөмөлөрдү берип жатышат».

Мындай пикирин Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыков журналист Майраш Базлакунованын Ютуб каналына берген маегинде айтты.

Ошондой эле, ал президенттик шайлоодон кийин оюнчулар гана алмашканын, система ошол эле бойдон калганын билдирди.

Мындан сырткары,ал бүгүнкү парламентти чечкиндүү парламент деп айтууга болбой турганына токтолуп, анын жакшы иштеши үчүн үчтөн экиси күчтүү депутаттар болуш керек экендигине токтолду:

120 депутаттын ичинен түз сүйлөгөн, чыныгы өнүгүүнү каалаган он чакты гана депутат бар. Бирок алар эмне кылса да көпчүлүккө алы жетпейт. Ал эми калгандары «мамлекет эмне дейт, өкмөт башчы эмне дейт» деп ошолорду гана карап турушат. Же болбосо ар кандай мыйзам долбоорун кабыл алганда бирөөнү колдоп, коалиция болуп, ушул аркылуу гана бизнес кылгандар бар. Ошондуктан ар кайсы тармактарда башаламандык болуп жатат. Анткени депутаттардын деңгээли өтө төмөн. Өздөрү эмнени кабыл алып жатканын түшүнбөйт, кээ бири окуй да албайт, — деди Масадыков.

Таалатбек Масадыков белгилегендей, элдин саясий деңгээли, билими көтөрүлүп, саясатты түшүнүш керек. Эгер эл түшүнсө, элдин колунда аябай чоң күч бар. Азыркы учурда эл оома болуп калганын билдирди.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    25.11.2019 07:46

    Толук кошулам, ушул жигитин пикир не. Озубуздун коомдук тузулушту, жашоону озубуздун чиновниктер мактабай. Башка мамлекеттер мактасын. Кыргызстанда жашоо жакшы, ошолордон улгу алайлы деген мамлекет барбы?

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM