Марал Радиосу

Көмүрдүн орточо чекене баасы 3,1 %га жогорулады

Ноябрь айынын акыркы үч жумасынын ичинде көмүрдүн орточо чекене баалары октябрь айындагы баага салыштырмалуу тоннасы 140,16 сомго, же 3,1 %га жогорулады, ал аба ырайынын бузулушуна жана калктын суроо-талабынын өсүшүнө жараша болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 21-ноябрына карата көмүрдүн максималдуу орточо баасы:

Ушул эле учурда минималдуу чекене баалар өткөн мезгилдегидей эле Чаек айылында бир тоннасы – 2 500 сом, Балыкчыда бир тоннасы – 3 694,59 сом жана Нарында бир тоннасы  – 3 741,66 сом болгон.

Ноябрдын акыркы үч жумасынын ичинде көмүр Токтогулда – тоннасы 921,05 сомго, же 20,5%га, Таласта —  925,78 сомго, же 19,8 %га жана Покровка айылында – 500 сомго же 12,5%га кымбаттады. Ушул эле учурда айрым калк жашоочу пункттарда Баткен шаарында бир тонна — 714,21 сомго же 8,9%га  жана Кара-Балта шаарында – 50,32 сомго же 1,3%га төмөндөгөнү байкалды.