Биз менен байланышыңыз

Гонконг жергиликтүү кеңешке шайлоого даярданып жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Ноя 2019 | 633 | 0

Гонконгдогу полиция менен бийликке каршы нааразычылык акциясына чыккандардын кагылышуусунан кийин райондук кеңешке шайлоого даярдык көрүп жатканын NHK телеканалы билдирди.

18 райондук кеңешке шайлоо үчүн 452 шайлоо пункттарында шайлоочулар түз шайлоого катышат.

Жума күнү полициянын жетекчиси ар бир шайлоо участкасын полиция кызматкерлери көзөмөлгө аларын билдирген.

Бийлик эгер коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүн болбосо, шайлоо кийинкиге калтырылышы мүмкүн экендигин кошумчалаган.

Эске салсак, өткөн бир нече күн ичинде полиция менен бийликке каршылардын ортосунда кагылышуулар болуп келген.

Copyright © 2017 Maral FM