Марал Радиосу

Муртазалиев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Турнир Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында өтүп жатат.

Муртазалиев 85 кг чейинки салмак ченинде килем үстүнө чыккан. Ал төрт атаандашын жеңип, финалдык беттеште россиялык спортчуга жеңилип, экинчи орунду ээледи.