Марал Радиосу

Төлөгөн Мамыров: «Эл менин толуктугума эмес, талантыма баа беришсе…»

«Менин атым Төлөгөн, апам  мени төрөп, ак бешикке бөлөгөн» деп дайыма  ийилип саламын узаткан жайдары  мүнөз, тамашакөй талантуу ырчы Төлөгөн  Мамыров «Марал Шоу» программасына  баш багып, жаңылыктары менен тең бөлүшүп кетти.

Саламатсызбы, Төлөгөн? Кулак сүйүнткөн  кандай жаңылыктарыңыз бар?

-Шүгүр, аман -эсен бойдокчулук менен алектенип жүрөм (күлүп). Анан «Жубайыма»деген автордук чыгармамды жакын арада  жалпы журтка  тартуулайын деп турам. Бул  ырды  хит кылыш үчүн жараткан  жокмун. Тарбиялык  мааниси абдан  чоң. Аялзатын, жубайын  сыйлоого чакырат  десем  жаңылышпайм.

-Шоу бизнестин казанында 5 жылдан  бери кайнап атасыз, кандай өзгөрүүлөр болду? Бул тармактан эмнелерди  байкай алдыңыз ?

5 жылдын  аралыгында семирип жетиштим(күлүп). Эми арыктап сиздерди таң калтырам. Жыйынтык чыгат менден. Ошондо да өзүмдү-өзүм баалайм да. Анын бул тармактын ысыгына  күйүп, суугуна тоңдум. Буюрса, баары алдыда.

-Ушундай стилди өзүңүз тандадыңызбы?

Жок, мен аябай токтоо бала  болчумун. Досторум: «Төлөгөн, кел ушул  семиздигиңди туура  пайдаланалы, сенин толуктугуңду эмес, талантыңды эл баалашсын», –деп сунуш  кылышты. Андан  соң, Мухтар  Атаналиевдин «№ 7» деген  киносуна комедиялык ролду  ойногонго мен сунушталып, ошондон бери  ушул  стилди бекем карманып келем.

-Төлөгөн, дагы кандай таланттардын ээси болдуң экен?

-Куруучулук дагы өнөрүм бар. Фундамент куйгандан баштап, үйдүн үстүнө чейин жабамын. Анткени, атам  менен  кошо жарышып  иштеп, баарын  үйрөнгөнмүн. Кээ бир учурда  бирөөлөрдүн үйүн салып, устачылык кылган күндөр болду. Ачка калбайм десем болот(күлүп).

-Жеке жашоодо эмне жаңылык?

-Ал тарап тыптынч. Жүрөгүм бош(күлүп).

Маегиңизге чоң рахмат. Чыгармачылык ийгиликтериң арта берсин!

-Сиздерге дагы бийиктиктерди каалайм «Марал» радиосу!