Биз менен байланышыңыз

Стокгольм орус кемесин Швециянын аймагына уруксаатсыз киргендиги үчүн айыптоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 901 | 0

«Орусиялык кеме эч кандай уруксааты жок Швециянын аймактык сууларына кирген» деп билдиришти швед аскерлери. Алар бул окуя тууралуу Стокгольмдогу өкмөткө билдирүү жасаган.

Швециянын Куралдуу күчтөрүнүн сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, орус кемеси 22-ноябрда эч кандай дипломатиялык уруксааты жок Швециянын аймактык сууларына кирген.

Орусияга таандык кеме мамлекеттик чек араны Гетеборгдон батышыраак аймакта кесип өткөн. Кеменин атайын уруксааты жок болгондуктан бул окуя тартип бузуу катары бааланды.

Башка өлкөлөрдүн кемелери, учактары жана башка аскердик техникалары мамлекеттик чек араны бузуп кириши тууралуу маалымат тиешелүү эрежелерге ылайык, швед өкмөтүнө кабарланган.

Орус кемесинин аты жана башка мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтар айтылган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM