Биз менен байланышыңыз

Дастан Бекешев «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча президентке кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 1440 | 2

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Сооронбай Жээнбековго массалык маалымат каражаттары тарабынан жасалган иликтөөдө айтылган өлкөдөн чыгарылган мыйзамсыз акчалар боюнча жооп берүүсүн суранып, кайрылуу кат жолдоду. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Ошондой эле, эл өкүлү президенттен иликтөө жасаган журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууну, Башкы прокуратуранын, Финансы полициясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Бажы кызматынын жетекчисин кызматтан кетишин талап кылган.

Мындан сырткары, аталган кызматтарга жаңы жетекчилер келип, окуяга тиешелүү кылмыш иштери козголуп, тиешелүү жазаларды алышы керектигин айтып, президенттен аталган иликтөө боюнча адилеттүү жана чечкиндүү чараларды колдоноруна ишенимин билдирди.

2 пикир

2 пикир

  1. Зуура

    23.11.2019 20:38

    Депутаттарыбыз бийликтегилер адамдык касиеттен кеттишти.Ушуга чейин кантип Матраимовдордун былыгын билишпесин акмактар айбандан айырманар жок.Жалган жалаа менен Жапаровду камап отурасынар.Эгерде бул иш боюнча Матраимовдорду жоопко тартып чукул арада камай албасанар Жээнбеков кызматтан кетиш керек.

  2. Чынар Жумаева

    25.11.2019 07:01

    Сооронбай Шариповичтин эки жыл ичинде иштеген ишин укмуш деп айтуудан алысмын . Карапайым элдин жашоосу кыйындоодо , ондургон картошкабыз алма оругубуз арзан баада сатылып жатат , элге керектүү азык тулук айрыкча ун өтө кымбатоодо, эмнеге бааларды көзөмөл жүргүзүү жок.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM