Марал Радиосу

Дастан Бекешев «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча президентке кайрылуу жолдоду

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Сооронбай Жээнбековго массалык маалымат каражаттары тарабынан жасалган иликтөөдө айтылган өлкөдөн чыгарылган мыйзамсыз акчалар боюнча жооп берүүсүн суранып, кайрылуу кат жолдоду. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Ошондой эле, эл өкүлү президенттен иликтөө жасаган журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууну, Башкы прокуратуранын, Финансы полициясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Бажы кызматынын жетекчисин кызматтан кетишин талап кылган.

Мындан сырткары, аталган кызматтарга жаңы жетекчилер келип, окуяга тиешелүү кылмыш иштери козголуп, тиешелүү жазаларды алышы керектигин айтып, президенттен аталган иликтөө боюнча адилеттүү жана чечкиндүү чараларды колдоноруна ишенимин билдирди.